> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда автоунаалардын саны 2 миллионго жакындады
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/02/kyrghyzstanda-avtounaalardyn-sany-2-milliongho-zhakyndady/
- Published: 2026-02-02T11:39:57.000Z
- Updated: 2026-02-02T11:39:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Коом

**Кыргызстанда расмий каттоодо турган автоунаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 61ге жеткенин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.**

Министрдин айтымында, өлкөдөгү транспорттун саны 13%га өсүп, экологиялык негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда. Учурдагы автопарктын курамы төмөнкүдөй бөлүнгөн:

- Бензин менен жүргөндөр: 972 миң;
- Дизель (солярка): 339 миң;
- Газ менен иштегендер: 56 миң;
- Гибриддик унаалар: 37 миң.

> 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө 15 миң 278 электромобиль алынып келген, бул жалпы автоунаалардын 0,8%ын гана түзөт. Ошону менен бирге, жаңы унаалардын үлүшү өсүүдө: эгер 2024-жылы 5 жылга чейинки эскиликтеги унаалар 1,5%ды түзсө, быйыл бул көрсөткүч 4,5%га жетти.

Медер Машиев белгилегендей, Бишкектин коомдук автопаркында 1 447 газ менен жүрүүчү автобус, 120 электробус жана 12 даана стандарттуу 12 метрлик автобус бар. Мындан сырткары, электромобилдерди кубаттоо үчүн өлкө боюнча 100дөн ашык станция орнотулган.