> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги автобус айдоочуларынын орточо маянасы 56,7 миң сом
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/03/bishkiektieghi-avtobus-aidoochularynyn-ortocho-maianasy-56-7-min-som/
- Published: 2026-02-03T13:03:52.000Z
- Updated: 2026-02-03T13:03:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмир Марлисбеков 3-февралда "Эмгек" жана "Жаңы Күч" фракцияларынын биргелешкен жыйынында автобустун айдоочуларынын учурдагы айлык акысынын деңгээли жана аны эсептөө тартиби тууралуу суроо узатты.**

Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров автобустун айдоочуларынын айлык акысы KPI көрсөткүчтөрүнүн негизинде төлөнөрүн билдирди.

> Анын айтымында, тарифтик ставка 102 сомду түзөт, ар бир ай үчүн өзүнчө баланс каралат. Мисалы, орточо баланс 165 саатты түзөт жана ал 102 сомдук тарифтик ставка менен эсептелет. 

Мындан тышкары:

- жүргүнчүлөр агымын 90% аткарганы үчүн кошумча акы,
- каттамдардын үзгүлтүксүздүгү үчүн — 40%,
- жумуш убактысынын балансын аткарганы үчүн — 50%,
- тейлөө маданияты үчүн — 20%,
- ашыкча иштеген сааттар үчүн — 6 222 сом кошулат.

***Бардык көрсөткүчтөрдү эсептегенде, автобустун айдоочуларынын орточо айлык акысы 56 миң 712 сомду түзөт.***