> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаңы жол курулуп жатат
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/03/kok-art-daryiasynyn-zheeghindie-zhany-zhol-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-02-03T08:41:15.000Z
- Updated: 2026-02-03T08:41:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Бишкек – Ош жолу менен Манас – Благовещенка жолун бириктирген жаңы жол курулуп жатканын Манас шаарынын мэриясы "Кабарга" билдиргкен.**

Жол Манас шаарына кирүүчү негизги жолдордогу унаа тыгындарынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында курулууда.

Белгиленгендей, жолдун узундугу 9 чакырымды, туурасы 8 метрди түзөт. Курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзүүдө.