> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/05/byiyl-bishkiek-shaardyk-transportun-onukturuugho-6-mlrd-5-mln-karazhat-suralghan/
- Published: 2026-02-05T09:15:02.000Z
- Updated: 2026-02-05T09:15:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Экономика

**2026-жылга карата Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 6 млрд 5 млн сом өлчөмүндө каражат сурап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.**

Анын ичинде:

- коомдук транспортко берилүүчү субсидияларга — 1 млрд 204 млн сом,
- борбор калаадагы 401 жол кесилишиндеги светофорлорду каржылоого — 69 млн 430 миң сом,
- жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга — 4 млрд 585 млн сом каражат суралган.

Мындан тышкары, департаменттин кызматкерлеринин эмгек акыларына 83 млн 289 миң сом бөлүү сунушталууда.