> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Борбор Азиядагы транспорт байланышын чыңдоо макулдашуусуна кошулду
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/06/kyrghyzstan-borbor-aziiadaghy-transport-bailanyshyn-chyndoo-makuldashuusuna-koshuldu/
- Published: 2026-02-06T05:22:10.000Z
- Updated: 2026-02-06T05:22:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**МинКаб Кыргызстандын Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланыштарын чыңдоо жөнүндө макулдашууга кошулуусу тууралуу чечимди бекитти.** 

Бул документ эл аралык ташууларды өнүктүрүүгө, кыргызстандык ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана транспорт кызматтарынын регионалдык рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Токтомдо белгиленгендей, аталган макулдашууга кошулуу транзиттик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, өлкөлөр ортосундагы координацияны жакшыртууга жана региондун аймагы аркылуу жүктөрдүн жүрүшүн ылдамдатууга мүмкүндүк берет.

Тышкы иштер министрлигине республиканын макулдашууга кошулгандыгы тууралуу нотаны макулдашуунун депозитарийи — Тажикстан Республикасына жөнөтүү тапшырылды.