> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир жумада 25 638 жол эрежесин бузуу катталган
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/09/kyrghyzstanda-bir-zhumada-25-638-zhol-eriezhiesin-buzuu-kattalghan/
- Published: 2026-02-09T04:28:17.000Z
- Updated: 2026-02-09T04:28:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Коом

**2-февралдан 8-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 638 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:**

- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 2 666;
- мас абалында унаа башкаруу -359;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-166;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар-674;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 728;
- авто ээнбаштык -27;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 588;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 11;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 821;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 598 унаа айып короого токтотулган.