> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/12/tunduk-tushtuk-altiernativdik-unaa-zholu-achyldy/
- Published: 2026-02-12T13:17:52.000Z
- Updated: 2026-02-12T13:17:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши иш алып барууда.

> Белгилей кетсек, бүгүн саат 09:29 чамасында аталган болжол менен көлөмү 7-8 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түшкөн.