> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк-Түштүк жолунда кар көчкү түшүп, Арал-Казарман бөлүгү жабылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/12/tunduk-tushtuk-zholunda-kar-kochku-tushup-aral-kazarman-bolughu-zhabyldy/
- Published: 2026-02-12T07:07:30.000Z
- Updated: 2026-02-12T07:07:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт

**Бүгүн Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

> Маалыматка ылайык, азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык.Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат. 

Кошумча маалымат берилет, - деп айтылат маалыматта.