> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ Түштүк Кореядан эки тик учак сатып алууну карап жатат
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/13/okm-tushtuk-korieiadan-eki-tik-uchak-satyp-aluunu-karap-zhatat/
- Published: 2026-02-13T08:18:46.000Z
- Updated: 2026-02-13T08:18:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Транспорт, Саясат

**Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Түштүк Кореядан эки жүк ташуучу тик учак сатып алууну карап жатканын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.**

Азамат Мамбетов анда жаңы тик учактар куткаруу бөлүмдөрүнүн ыкчамдыгын арттырып, алыскы жана барууга кыйын аймактарга гуманитардык, материалдык-техникалык жүктөрдү жеткирүүнү жеңилдетерин белгилеген.

Учурда ведомстводо үч аскердик тик учак бар.

“Акыркы беш жылда министрлик 7 млрд сомдон ашык каражатка 670 даана техника сатып алган. Эми дагы эки тик учак алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - деген ал.