> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/15/bishkiektie-chakan-gestin-3-tochksy-zhana-10-kubattoo-stantsiiasy-bar/
- Published: 2026-02-15T11:54:42.000Z
- Updated: 2026-02-15T11:54:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Учурда "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди.**

"Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу көзөмөлдө", — деди ал.

Аскеевдин айтымында, кубаттоо процесси толугу менен автоматташтырылган жана Charge24 мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылат. Бул тиркеме эсеп-кысап жана программалык камсыздоо үчүн колдонулат.

"Кубаттоо тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Айдоочу унаасын канча суммага кубаттагысы келерин көрсөтүп, автоунааны туташтырат, андан кийин процесс автоматтык түрдө уланат. Төлөм да тиркеме аркылуу жүргүзүлөт", — деди ал.

Анын айтымында, тиркемесиз станцияга жетүү мүмкүн эмес. "Кимдир бирөө келип эле өз алдынча туташып алат деген нерсе жок. Баары программа менен байланышкан", — деп белгиледи башкы директордун орун басары.