> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/16/ashuularda-kar-zhaap-zhatat-zholdor-achyk-kattamdar-uzghultuksuz/
- Published: 2026-02-16T03:47:53.000Z
- Updated: 2026-02-16T03:47:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

> Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол эрежелерин так сактоого, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана керектүү шаймандарды кошо алып жүрүүгө чакырат.