> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн аптада 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/16/otkon-aptada-26-mindien-ashyk-zhol-eriezhiesin-buzuu-faktysy-anyktaldy/
- Published: 2026-02-16T04:21:14.000Z
- Updated: 2026-02-16T04:21:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Өткөн аптада өлкө аймагында 26 916 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдайт.**

Эң көп катталган жол эрежеси бузуу фактылары:

- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 2 974;
- Мас абалында унаа башкаруу – 427;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 151;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу – 627;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 751;
- Авто ээнбаштык – 22;
- Белгиленген ылдамдыкты ашыруу – 2 629;
- Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 4;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 628.

> Ар кандай жол эрежелерин бузган 3 703 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМ жол эрежелерин сактоону эскертет жана айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, мас абалда унаа башкарбоого жана керектүү документтерди дайыма алып жүрүүгө чакырат.