> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ашууларда кар жаап жатат:  каттам токтогон жок
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/17/ashuularda-kar-zhaap-zhatat-kattam-toktoghon-zhok/
- Published: 2026-02-17T04:07:22.000Z
- Updated: 2026-02-17T04:07:21.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бүгүн эл аралык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз–Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ. 

> Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп–Кеген жолунда жол ачык, каттам бар. 

Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда.

> Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканаларынын жолчулары тарабынан жалпы пайдалануудагы авто жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.