> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн өтмөк курууга 10 млн сом каралды
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/17/bishkiek-kara-balta-zholunda-okuuchular-uchun-otmok-kuruugha-10-mln-som-karaldy/
- Published: 2026-02-17T06:44:25.000Z
- Updated: 2026-02-17T06:44:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Жогорку Кеңештин Өнөр-жай, транспорт, энергетика, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында республиканын автомобиль жана ички жолдорунун абалы жана унаа жолдорун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү каралды.** 

Депутат Бакыт Чомоев Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн коопсуздукту камсыз кылуу максатында жөө адамдар үчүн жер астындагы өтмөк курууну сунуштады. Анын айтымында, жолдун жанындагы мектептерден улам унаалардын көптүгүнө байланыштуу жол кырсыктары көп катталууда.

> Транспорт министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев аталган өтмөк 28-чакырымдагы тилкеде быйылкы жылдын титулдук тизмесине киргизилгенин жана ага 10 млн сом каралганын билдирди.