> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чыгыш айланма жолунда 2 транспорттук түйүн  курулат
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/18/chyghysh-ailanma-zholunda-2-transporttuk-tuiun-kurulat/
- Published: 2026-02-18T08:41:46.000Z
- Updated: 2026-02-18T08:41:45.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Бишкектин чыгыш айланма жолу долбоорунун алкагында 2 транспорттук түйүн куруларын Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев коллегиянын жыйынында билдирди.**

Анын маалыматына ылайык, пландалган транспорттук түйүндөр Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсү жана Лев Толстой көчөсү менен туташат.

> Бишкектин чыгыш айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында курулуп жатат. Жолдун жалпы узундугу 16,7 чакырымды түзөт. Анын ичинен Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтү жана Жайылма айыл өкмөтү аркылуу өткөн бөлүгү 14,2 чакырымды түзөт.

Мындан тышкары, жол Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтү аркылуу 2,5 чакырымга созулуп, Ахунбаев көчөсү менен биригет.