> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоң районундагы Ак-Терек–Дөң-Талаа унаа жолу кеңейтилип, оңдолууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/19/ton-raionundaghy-ak-tieriek-don-talaa-unaa-zholu-kienieitilip-ondoluuda/
- Published: 2026-02-19T04:40:28.000Z
- Updated: 2026-02-19T04:40:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек–Дөң-Талаа унаа жолунда орто оңдоо иштери башталды. Аталган жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Азыркы учурда 10–11,5-чакырым аралыгында жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, сел сууларына каршы арыктарды казуу жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотууга даярдык иштери аткарылууда.

> Долбоор Капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланып, иштерди "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №33 Жол тейлөө ишкана филиалы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жолдун сапатын жогорулатууга жана узак мөөнөттүү пайдаланууну камсыздоого багытталган. Бардык иштер бекитилген долбоордук-сметалык документтерге жана техникалык талаптарга ылайык аткарылууда.