> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/20/zhibiek-zholu-prospiektisinin-bir-bolughu-ubaktyluu-zhabylat/
- Published: 2026-02-20T08:59:00.000Z
- Updated: 2026-02-20T08:59:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**22-февралда саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

> Буга байланыштуу 8 автобусттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Алар: №71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Белгиленген убакытта альтернативдүү багыттарды пайдаланууңуздарды суранабыз.