> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/21/barskoon-tamgha-zholunun-3-chakyrymyna-asfalt-toshoo-plandaluuda/
- Published: 2026-02-21T08:12:32.000Z
- Updated: 2026-02-21T08:12:32.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу иштери аткарылууда.

> Бул долбоор 2026-жылдын титулдук тизмесине киргизилген жана иштерди Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынин №3 жол тейлөө ишканасы аткарууда.

Курулуш иштери жол курулушунун талаптарына жана стандарттарына ылайык жүргүзүлүүдө. Жаңы асфальттоо аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жана жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетүүгө шарт түзөт, - деп айтылат маалыматта.