> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/23/kyrghyzstan-aeroporttorunun-ekonomika-finansy-zhana-stratieghiialyk-onughuu-boiuncha-diriektoru-almashty/
- Published: 2026-02-23T13:15:28.000Z
- Updated: 2026-02-23T13:15:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын аткаруучу органынын курамында өзгөрүүлөр болду.**

Кыргыз фонду биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-февралындагы директорлор кеңешинин чечими менен экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — мүчө катары иштеп келген Медербек Курманбековдун ыйгарым укуктары мөөнөттөн мурда токтотулду.

2026-жылдын 19-февралынан тартып экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — жаңы мүчө катары Дастан Амантуров шайланды.

Өзгөрүүлөр компаниянын директорлор кеңешинин чечимине ылайык жүргүзүлгөн.