> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2025-жылы электромобилдер саны 9 870 жеткен
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/23/kyrghyzstanda-2025-zhyly-eliektromobildier-sany-9-870-zhietkien/
- Published: 2026-02-23T09:21:34.000Z
- Updated: 2026-02-23T09:21:34.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 961ди түзгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 млн 697 миң 100 унаага салыштырмалуу 13%га өскөнүн көрсөтөт. Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй:

- 972 миң 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%);
- 57 миң 310 – газ менен жүргөн унаалар (3%);
- 339 миң 938 – дизель унаалары (18%);
- 56 миң 997 – газ/бензин аралаш (3%);
- 37 миң 295 – гибрид унаалар (2%);
- калганы – башка түрлөрү.

> 2025-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 15 миң 278 электромобиль катталды, бул жалпы унаалардын 0,8 пайызын түзөт. Акыркы жылдардагы өсүү динамикасы туруктуу экенин белгилей кетүү зарыл:

- 2022-жылы – 1 113 электромобиль;
- 2023-жылы – 2 310 электромобиль;
- 2024-жылы – 3 122 электромобиль;
- 2025-жылы – 9 870 электромобиль.

Ошондой эле автопарктын жаңылануу тенденциясы байкалууда. 2024-жылы заводдон чыкканына 5 жылга чейинки унаалардын үлүшү 1,5%ды түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 4,5%га жеткен.