> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токой чарбасына 20 жаңы трактор берилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/23/tokoi-charbasyna-20-zhany-traktor-bierildi/
- Published: 2026-02-23T11:15:49.000Z
- Updated: 2026-02-23T11:15:49.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматына бүгүн ӨКМге тапшырылган 116 техниканын ичинен 20 трактор берилгенин Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.**

Анын айтымында, бул тракторлор токой кызматындагы чарбалык иштерди аткарууга керектелет. Белгилей кетсек, 2025-жылы аталган кызмат өздүк каражаттын эсебинен 30 даана JAC Т8 үлгүсүндөгү атайын жол тандабас унааларды алып, республикадагы бардык токой чарбаларына таркатып берген.

> “Алдыга Токой кызматынын материалдык-техникалык базасын толугу менен чыңдоо максатын койгонбуз. Негизи бизде жалпы республика боюнча 280ге жакын техникаларыбыз бар. Анын дээрлик 60%ы союздан калган техника болгондуктан, эскилиги жеткен. Андан тышкары, дрондорду алып жатабыз”,- деди ал.

Тагаев Кыргызстандын жеринин 6,4%ы токой баскан массив болуп саналаарын жана бул болжол менен 900 миң гектарга жакын токой баскан аянт экенин кошумчалады. Ошондой эле учурда токой менен байланышта турмуш-тиричилигин өткөргөн 2,5 миллионго жакын калк бар экендигин айтты.