> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында  7 млрд сомго техника берилет
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/24/byiyl-zhienildietilghien-lizingh-proghrammasynyn-alkaghynda-7-mlrd-somgho-tiekhnika-bieriliet/
- Published: 2026-02-24T10:53:30.000Z
- Updated: 2026-02-24T10:53:29.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Кыргызстанда 2026-жылдын ичинде жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында жалпы баасы 7 млрд сомду түзгөн 2 миңден ашык техника берилерин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, жыл башынан бери эле 584 млн сомго 854 техника дыйкандарга берилди. Мамлекет тарабынан машина-трактордук паркты жаңылоо максатында "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу жылдык 6% үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө берилген лизинг программасы натыйжалуу иштеп жатат.

Аталган программа 2011-жылы башталгандан бери 29 млрд сомго 10 миң 511 даана техника берилди. Учурда аймактарда 186 машина-трактордук станция кызмат көрсөтүп, алардын карамагында 4 миңден ашык техника бар.