> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/24/kyrghyzstan-byltyr-syrttan-139-065-unaa-importtoghon/
- Published: 2026-02-24T12:16:28.000Z
- Updated: 2026-02-24T12:16:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**2025-жылдын январь — декабрь айларында Кыргызстан 139 065 жеңил автоунааны импорттоп, ага 1 млрд 78,6 млн доллар жумшаганын Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин анализинен көрүүгө болот.**

Мамлекетке 2024-жылга салыштырмалуу 1 967 жеңил автоунаа аз алынып келген. Баалык эсепте импорт 38,1%га төмөндөгөн. 

Негизинен автоунаалар 2025-жылы төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келген: Түштүк Кореядан — 58 920, Кытайдан — 49 497, АКШдан — 9 792, Япониядан — 4 869 жана Россиядан — 4 036 автоунаа.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Кыргызстан 141 032 жеңил автоунааны импорттоп, жалпы суммасы 1,7 миллиард доллардан ашкан.