> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/26/mamliekiettik-avto-miektieptierdie-okuu-baasy-19-min-som-bolot/
- Published: 2026-02-26T13:16:47.000Z
- Updated: 2026-02-26T13:16:46.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор мамлекеттик авто мектептерде окуу качан башталарын түшүндүрдү.**

Буга чейин Kaktus.media жарандар дээрлик бир ай мурда мамлекеттик авто мектепке онлайн катталып, сайт аркылуу арыз ташташканын, бирок окуу али баштала электигин билдиришкен.

> Мекеменин маалыматына ылайык, окуу март айында башталат. Учурда курсанттарды кабыл алуу жүрүп жатат.

Унаа мекемесинен билдиришкендей, платформага арыз калтырган ар бир курсант менен адистер байланышат. Эң негизгиси — арыздагы маалыматтар туура болуп, болочок айдоочунун телефон номери актуалдуу жана иштеп турушу керек.

> Адистер окуу кайсы жерде өтөрү, качан жана кайда баруу керектиги тууралуу толук маалымат беришет. Мамлекеттик авто мектептеги теориялык окуунун акысы 19 миң сомду түзөт.