> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/27/kyrghyzstan-2-mlrd-385-mln-somgho-3-uchak-satyp-aldy/
- Published: 2026-02-27T09:58:57.000Z
- Updated: 2026-02-27T09:58:56.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди.**

Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты.

> "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак жана Airbus A321үлгүсүндөгү эки учак менен толуктоо пландалууда. Ички аэропорттук инфраструктураны модернизациялоого 8 млрд 400 млн сом багытталды", — деди Эрлист Акунбеков.

Ал ошондой эле учурда 11 аэропорт сертификатталып, штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.