> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/02/27/too-ashuuda-kar-kochkunu-atailap-tushuruu-ishtieri-zhurghuzuluudo/
- Published: 2026-02-27T04:04:57.000Z
- Updated: 2026-02-27T04:04:56.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат.

> Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар, жолдор ачык.

Учурда жол тейлөө кызматтары кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.