> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте №62 электробус каттамы ачылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/02/bishkiektie-62-eliektrobus-kattamy-achylat/
- Published: 2026-03-02T05:14:43.000Z
- Updated: 2026-03-02T05:14:43.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында 2026-жылдын 3-мартынан тартып жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Эми, Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин экологиялык жактан таза электробустар тейлейт.

Каттамдын кыймыл багыты Б. Алыкулов көчөсү, Л. Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.

> Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана эскерте кетсек, №35, №45, №61 жана №51 каттамдар дагы бул багытта өзгөртүлгөн.

Каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөөрүн билдиребиз. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.

Алдыда дээрлик бардык каттамдардын кыймыл багыттары өзгөртүлөт жана альтернативдүү көчөлөр пайдаланылаарын эске салабыз.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2.jpeg)