> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чет өлкөлүк номерлуу 700гө жакын унаа айып токтотмолорунда турат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/03/chiet-olkoluk-nomierluu-700gho-zhakyn-unaa-aiyp-toktotmolorunda-turat/
- Published: 2026-03-03T10:22:29.000Z
- Updated: 2026-03-03T10:22:28.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**Парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов учурда чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар 700гө жакын автоунаа айып токтотмолорунда турганын билдирди.**

Анын айтымында, белгиленген мөөнөттө унааларын легалдаштырып үлгүрбөй калган жарандардан кайрылуулар дагы эле түшүүдө. Бул маселе боюнча атайын комиссия иш алып барып жатат.

> Буга чейин чет өлкөлүк номерлүү автоунааларды легалдаштыруу өнөктүгү президенттин жарлыгы менен 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин жүргүзүлгөн. Алты ай ичинде жарандар 18 миңден ашуун унааны каттоодон өткөрүшкөн.

Эрежеге ылайык, белгиленген мөөнөттө каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттары айып токтотмого киргизилет. Кийинчерээк аларды утилизациялоо маселеси да каралышы мүмкүн.