> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/03/dzhidda-osh-avikattamy-4-martta-kaira-zhandanat/
- Published: 2026-03-03T12:15:19.000Z
- Updated: 2026-03-03T12:15:19.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**4-марттан тарта Джидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданарын Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.**

Анын айтымында, бул чечим президенттин тапшырмасынын негизинде элчилик тарабынан Flynas авиакомпаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган.

> Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет сатып алып, бирок каттамдар токтотулгандыктан уча албай калган Кыргызстандын жарандары ташылат.

Мындан тышкары, элчилик Джидда — Бишкек багытын да калыбына келтирүү үстүндө иш алып барууда. Алдын ала маалымат боюнча, бул каттам жакынкы күндөрү жумасына үч жолу аткарыла баштайт.