> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Парламентте катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу мыйзам долбоору каралды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/03/parlamienttie-katalizatoru-zhok-unaalardy-kattoogho-tyiuu-saluu-myizam-dolbooru-karaldy/
- Published: 2026-03-03T11:07:22.000Z
- Updated: 2026-03-03T11:07:21.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Коом

**Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кыргызстанда абанын булганышынын алдын алуу үчүн импорттолгон автоунаалардын катализаторун текшерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, эгер унаада катализатору жок болсо, аны каттоого тыюу салынмакчы.**

Мыйзам долбоору 3-мартта парламенттеги Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды.

Депутат Белеков келечекте Кыргызстанда жүргөн унааларды кайра каттоо учурунда да катализатордун бар-жогун текшерүүнү киргизүү керектигин билдирди.

> Учурда Кыргызстанда жалпы 1 миллион 909 миң 961 машине каттоодон өткөн. Алардын канчасында катализатор бар экени тууралуу маалымат жок. Колдонуудагы мыйзамдарда катализатору жок унаалар үчүн эч кандай айып пул же жаза каралган эмес.