> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/04/bishkiek-meriiasy-transporttuk-karazhattardy-satuu-auktsionun-zharyialady/
- Published: 2026-03-04T08:37:42.000Z
- Updated: 2026-03-04T08:37:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Муниципалдык мүлк башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялады.**

Муниципалитеттен билдиришкендей, 77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат.

> "Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган документти жана күрөө депозитин (баштапкы сумманын 10%ы) төлөгөндүгүн тастыктаган төлөм документтерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды тапшырышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Суроолор боюнча Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча же 0312 979 195 (4220) телефону аркылуу Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылса болот.