> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте  100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/04/bishkiektie-100don-ashyk-avtounaa-aiyp-koroogho-koiuldu/
- Published: 2026-03-04T13:35:10.000Z
- Updated: 2026-03-04T13:35:09.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, #Жаңылыктар

**4-мартта Бишкек шаарында Жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана токтотуу үчүн акысы төлөнбөгөн автоунааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.**

Шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддер борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен токтотулган **100дөн ашык автоунаа айып короого эвакуацияланды*.*

 Бишкек РИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү протоколдор түзүлдү.