> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/04/kyrghyzstan-fievralda-rossiiagha-46-8-min-avtounaa-eksporttodu/
- Published: 2026-03-04T03:39:32.000Z
- Updated: 2026-03-04T03:39:32.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди.**

> Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35 миң) салыштырмалуу 35%га көп.

> Жаңы жеңил автоунаалардын (үч жылга чейинки) импорту 29%га өсүп, 20,9 миңди түзгөн. Ал эми колдонулган автоунаалардын (үч жылдан жогору) импорту 40%га көбөйүп, 25,9 миңге жеткен.

Жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер өлкөлөр Кытай (67,2%) менен Кыргызстан (20,5%) бойдон калууда, деп белгиледи Сергей Целиков.

> Буга чейин "Автостат" агенттиги 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы жеңил автоунааларды ташып кирүүдө Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду ээлеп, көрсөткүч 53,6 миң даанага жеткенин билдирген.