> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/05/bishkiek-naryn-torughart-zholunda-kar-kochku-tushup-zhol-ubaktyluu-zhabyldy/
- Published: 2026-03-05T06:34:21.000Z
- Updated: 2026-03-05T06:34:21.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун 304-чакырымында, Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү техникалар тартылып, карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилет.