> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/06/aral-kazarman-avtozholunda-kulaghan-tashtardy-tazaloo-ishtieri-ulanuuda/
- Published: 2026-03-06T07:43:38.000Z
- Updated: 2026-03-06T07:43:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунун Арал–Казарман участогунун 243–296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкөн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Тазалоо иштерин №18 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда бул тилкеде унаалар үчүн бир тараптуу каттам уюштурулган.

> Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолунун 103-чакырымында тоо бетинен ири көлөмдөгү таштар кулап түшкөн. Учурда жолду тазалоо иштери атайын техникалардын жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жолдо этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.