> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдөгү негизги ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/06/olkodoghu-nieghizghi-ashuularda-zhol-achyk-kattam-uzghultuksuz/
- Published: 2026-03-06T04:03:27.000Z
- Updated: 2026-03-06T04:03:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бүгүн эл аралык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги авто жолдордо, ашууларда жол ачык, чектɵɵлɵр жок. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, кээ бир тилкелеринде туман каптап,жол жакшы көрүнбөй каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.

Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.

> Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп –Кеген жолунда күн бүркөк, жол ачык, каттам бар.

Белгилей кетсек, Бишкек-Нарын –Торугарт жолундагы көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү атайын техникалар жана жолчулар даяр.

****Айдоочуларга эскертүү:**  
Зарылчылык болбосо, алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат, жолго чыккан учурда ылдамдык режимин жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо зарыл, унаага чынжырчаларды даярдап алуу жана аралыкты сактоо сунушталат.