> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/09/airym-ashuularda-kar-kochku-tushuu-korkunuchu-bar/
- Published: 2026-03-09T10:33:39.000Z
- Updated: 2026-03-09T10:33:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Кыргызгидромет кызматы 10–15-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.**

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү төмөнкү унаа жолдорунда күтүлөт:

- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55–115-чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65–75-чакырымдарында жана Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка – Акташ унаа жолунун 0–3-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201–205 жана 260–290-чакырымдарында, ошондой эле Көк-Арт ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда.

> Адистердин маалыматына караганда, аталган жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу айдоочуларга жолдо этият болуп, унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмессактоо сунушталат.