> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Өзбекстан менен кооперациялашуу алкагында 3 миңге жакын автоунаа чыккан
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/09/kyrghyzstanda-ozbiekstan-mienien-koopieratsiialashuu-alkaghynda-3-minghie-zhakyn-avtounaa-chykkan/
- Published: 2026-03-09T10:47:58.000Z
- Updated: 2026-03-09T10:47:59.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасы бири-бирин толуктап тургандыктан, эки өлкө өнөр жай кооперациясын өнүктүрүп жатканын радионун эфиринде Саидикрам Ниязходжаев — Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси билдирди.**

Анын айтымында, кызматташтыктын алкагында биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

"Бүгүнкү күндө өнөр жай кооперациясы боюнча бул багытты өнүктүрүү өзүнчө милдет катары коюлуп жатат, анткени биздин экономикалар бири-бирин толуктайт. Бизде бар нерселерди кыргыз тарапка сунуштай алабыз, ал эми Кыргызстанда бар мүмкүнчүлүктөрдү өзбек тарапка сунуштоого болот", — деди ал.

> Элчи мисал катары Кыргызстандагы автоунаа өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорду келтирди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө болжол менен 3 миңге жакын автоунаа чыгарылган.

"Бул — бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында жүргөн даяр автоунаалар", — деди Саидикрам Ниязходжаев.

Ал ошондой эле бул долбоор эл аралык иш-чаралардын биринде белгиленгенин айтты.

"Өткөн жылы АКШнын Эгемендүүлүк күнү белгиленип жаткан учурда менин кесиптешим — АКШнын элчиси — Chevrolet маркасындагы автоунаалар Кыргызстанда өндүрүлүп, өлкө аймагында жүргөнүн көрүү ага өзгөчө жагымдуу экенин сыймыктануу менен белгилеген", — деп кошумчалады ал.