> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы дем алышта ачылат
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/10/zhibiek-zholu-prospiektisindieghi-kopuronun-tunduk-taraby-diem-alyshta-achylat/
- Published: 2026-03-10T05:24:24.000Z
- Updated: 2026-03-10T05:24:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ушул дем алыш күндөрү ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт.

> Белгилей кетсек, транспорт кыймылы түндүк тарабында уюштурулат, ал эми түштүк тарабынын ачылышы март айынын аягына пландалууда.

Тиешелүү кызматтар учурда реконструкцияны аяктоо боюнча иштерди улантууда.