> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/11/kytai-mienien-tunduk-korieia-ortosunda-zhurghunchu-poiezd-kattai-bashtait/
- Published: 2026-03-11T05:18:35.000Z
- Updated: 2026-03-11T05:18:35.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчүлөр үчүн поезд каттамы алты жылдан кийин биринчи жолу кайра жанданганын South China Morning Post (SCMP) басылмасы жазды.**

Алгачкы поезд Бээжин шаарынан Пхеньян шаарына **12-мартта** жөнөйт. Маалыматка ылайык, Бээжинден поезддер **жумасына төрт жолу** каттайт:

- дүйшөмбү,
- шаршемби,
- бейшемби,
- ишемби күндөрү.

Ал эми кайра кайтуу каттамдарынын жүгүртмөсү азырынча жарыялана элек.

Билет сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр жарактуу түндүк кореялык виза жана паспорттун көчүрмөсүн көрсөтүшү керек экенин China International Travel Services компаниясынын кызматкери билдирген.

> Пандемияга чейин Түндүк Кореяга барган чет элдик туристтердин басымдуу бөлүгүн кытайлыктар түзчү. Ошондуктан көпчүлүк адистер поезд каттамынын кайра ачылышы эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын жандандырууга жардам берет деп эсептешет.

Буга чейин ушундай эле темир жол каттамы Россия менен Түндүк Корея ортосунда да беш жылдык тыныгуудан кийин өткөн жылдын июнь айында кайра ишке киргизилген