> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 31 жаран 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн алды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/12/bishkiektie-31-zharan-2-mln-906-min-somduk-kamsyzdandyruu-tolomdorun-aldy/
- Published: 2026-03-12T07:36:24.000Z
- Updated: 2026-03-12T07:36:23.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Коом

**Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун(МКУ) Бишкек филиалы 31 жаранга ОСАГО жана КАСКО полистери боюнча жалпы 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды.** 

Филиалдын директорунун орун басары Бактыбек Жунусовдун айтымында, мурда төлөмдөр бир ай ичинде каралса, уюм жетекчилигинин талабына ылайык, акыркы учурда 2 жуманын ичинде берилүүдө.

> "Бүгүн жарандар төлөм сертификаттарын алып жатышат. Бишкек филиалы камсыздандыруучуларга жыл башынан бери 48 млн 959 миң сом төлөп берди. Ал эми 2025-жылы жалпысынан 69 млн 746 миң сом төлөнгөн. Бул салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Бишкек шаарында 2 миллиондун тегерегинде транспорт каражаты бар деп саналса, биздин талдоолорго ылайык, 2025-жылы алардын 10%ы камсыздандырылган. Негизи биздин уюмдан сырткары 17 жеке менчик компания бар, алар дагы ушул багытта иш алып барышат", — деди орун басар.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp_Image_LZ693pW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp_Image_vm03oZz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Белгилей кетсек, "ОСАГО" — бул автотранспорт каражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы. 

"ОСАГО жөнүндө" мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта толук күчүнө кирген.