ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?
Бишкекте Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына караштуу көз карандысыз отчеттуулук органынын (ЕРӨБ ККОО) делегациясы менен шаар тургундарынын жолугушуусу өттү. Делегация Лондон шаарынан келген. Бул сапар мурда троллейбустарды сатып алууга байланышкан шаардык транспортту каржылоо долбоору боюнча тургундардын расмий кайрылуусунун негизинде уюштурулган.
"БишкекСмог" демилгелүү тобунун өкүлдөрү билдиргендей, талкууга ар түрдүү коомдук топтор катышкан: экологиялык активисттер, пенсионерлер, жаш балалуу ата-энелер, троллейбус башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ассоциациясынын мүчөлөрү.
Жолугушууга катышкандар комиссияга троллейбус каттамдарынын жоюлушу шаар тургундарына кандай таасир тийгизгенин кеңири айтып беришти.
Эске салсак, 2014–2018-жылдары Бишкек шаарынын муниципалитети ЕРӨБдүн 23,5 млн долларлык насыяга менен 131 заманбап троллейбус сатып алган. Бул долбоор тармакты жаңылоону да камтыган. Бирок 2024-жылы троллейбустар пайдалануудан чыгарылган.
Шаар тургундарынын демилгелүү тобу шаардык мүлктү өткөрүп берүү банк менен макулдашылбай жана тургундардын пикири эске алынбай жүргүзүлгөнүн билдирүүдө.
ЕРӨБ ККОО банктын долбоорлору адамдардын жашоосуна терс таасир тийгизген же экологиялык жана социалдык стандарттарды бузган учурларда жарандардын жана уюмдардын даттанууларын карайт.
Талашты тынч жол менен чечүү үчүн Бишкек тургундары бир катар укук коргоо жана экологиялык уюмдар менен биригишкен. Алардын арасында БишкекСмог, CEE Bankwatch Network жана Бир Дүйнө Кыргызстан кыймылы бар.