Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына 4 трактор тапшырылды
Манас шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасына 4 даана көп тармактуу, кар тазалоочу кичи трактор тапшырылганын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Атайын техникаларды сатып алууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 7 млн 100 миң сом бөлүнгөн.
Облус башчысы Тилек Текебаев жаңы техникалар шаардын тазалыгын сактоодо, өзгөчө кыш мезгилинде кар тазалоо иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.
Ошондой эле ал шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлор мындан ары да колдоого алынарын кошумчалады.