> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/13/olko-aimaghynda-avtozholdordu-tazaloo-zhana-ondoo-ishtieri-zhuruudo/
- Published: 2026-03-13T06:19:46.000Z
- Updated: 2026-03-13T06:19:45.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдорду ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Министрликтен билдиришкендей, кышкы тейлөөнүн жыйынтыгынан кийин жол жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп, атайын техниканын жана кол күчүнүн жардамы менен жол бетиндеги чаң-топурактар тазаланып, парапеттер менен бордюрлардын негиздери жууп-тазаланды.

Ошондой эле автожолдордун боюнда өсүп турган бак-дарактардын бутактары кыйылып, жол жээктериндеги таштандылар тазаланууда.

> Мындан тышкары, кара-шагыл жолдорду убактылуу тейлөө иштери аткарылып, жол тилкелери түздөлүп, жол жээктеринде топтолгон сууларды буруу чаралары көрүлүүдө.

Бул иштер автожолдордун абалын жакшыртып, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.