> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Берлинде массалык иш таштоодон улам 57 миң жүргүнчү уча албай калды
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/17/bierlindie-massalyk-ish-tashtoodon-ulam-57-min-zhurghunchu-ucha-albai-kaldy/
- Published: 2026-03-17T09:34:19.000Z
- Updated: 2026-03-17T09:34:19.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Кызыктуу

**Берлин-Бранденбург аэропортунда 18-мартка белгиленген иш таштоого байланыштуу бардык каттамдар токтотулганын Deutsche Welle маалымдады.**

Иш таштоонун натыйжасында жалпы 445 каттам жокко чыгарылып, болжол менен 57 миң жүргүнчү уча албай калган. Жүргүнчүлөргө билет маселеси боюнча өз авиакомпанияларына кайрылып, башка жолдорду карап чыгуу сунушталууда.

> Иш таштоону Ver.di (ири кесиптик бирликтер) уюштурган. Алар аэропорттун 2 миңге жакын кызматкерин бир күндүк эскертүү акциясына чыгууга чакырган. Кесиптик бирликтер кызматкерлердин айлыгын кеминде 6% көбөйтүүнү же айына 250 евро кошуп берүүнү талап кылууда. Бирок аэропорттун жетекчилиги бул сунуштарды колдогон эмес.

Акыркы сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөр айлыкты этап-этабы менен, 2028-жылдын аягына чейин көбөйтүүнү сунуштаган. Бирок бул жылына орточо 1% гана өсүш берет деп эсептелүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Lufthansa компаниясындагы иш таштоо да Германия боюнча каттамдардын токтошуна алып келген.