> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/17/bishkiektieghi-195-kattamdyn-kyimyl-chiimiesi-ubaktyluu-ozghortuldu/
- Published: 2026-03-17T13:05:34.000Z
- Updated: 2026-03-17T13:05:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт.

> Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту таза жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырабыз, - деп айтылат маалыматта.