> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери өлкөдө 116 млн жүргүнчү ташылып, транспорт кызматтары 3,5%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/17/zhyl-bashynan-bieri-olkodo-116-mln-zhurghunchu-tashylyp-transport-kyzmattary-3-5-gha-kymbattady/
- Published: 2026-03-17T12:27:51.000Z
- Updated: 2026-03-17T12:27:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда транспорттун бардык түрлөрү менен 116 миллиондон ашык жүргүнчү ташылганын Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.**

Маалыматка ылайык, январь–февраль айларында жүргүнчүлөрдүн агымы 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6 млн 3 миң адамга көбөйгөн.

Жалпысынан эки ай ичинде өлкөдө транспорттун бардык түрлөрүн 116 млн 66,4 миң жүргүнчү пайдаланган (өсүш 5,5%). Негизги жүк адаттагыдай эле автотранспортко туура келген:

- **Автобустар жана маршруттук таксилер*:* 108,7 млн адамды тейлеген (өткөн жылга салыштырмалуу +5,8 млн, өсүш 5,7%).
- ***Таксилер***: 6,1 млн жүргүнчү ташыган (өсүш 7,2%).
- ***Темир жол транспорту***: эң жогорку өсүштү көрсөткөн — жүргүнчүлөрдүн саны **28,1%га** көбөйүп, 53,4 миң адамды түзгөн.
- ***Авиация***: 270,8 миң жүргүнчүнү ташыган (өсүш 6,8%).

### *Жүк ташуу*

Бул тармакта ташылган жүктүн көлөмү **9 млн 181,5 миң тонна** болуп, 2025-жылга салыштырмалуу **7,1%га көбөйгөн**. Ошол эле учурда:

- авиа жүк ташуу **18,9%га кыскарган**,
- автотранспорт менен ташуу **8,1%га өскөн**.

### *Логистика жана байланыш*

Логистика тармагында кескин өсүш байкалган:

- почта жана курьердик кызматтардын көлөмү **28,5%га** өсүп, **475 млн сомго** жеткен;
- байланыш кызматтары эки айда экономикага **6,7 млрд сом** киреше алып келген (өсүш 8,5%).

Ошол эле учурда инфляциянын курамында транспорт кызматтары 3,5%га кымбаттаган. Анын ичинде, Бишкек — Ош автожолу жана түндүк — түштүк багытындагы стратегиялык тоннелдер аркылуу өтүүгө төлөм киргизилгенине байланыштуу экени белгиленет.