> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/18/byiyl-28-mindiei-unaa-kamsyzdandyrylyp-50-mln-628-min-som-kieniemtie-tolonup-bierildi/
- Published: 2026-03-18T14:05:30.000Z
- Updated: 2026-03-18T14:05:30.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Саясат

**Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди.** 

> Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды түзөт. Бул арада өлкө боюнча 499 унаа зыянга учурап, алардын ээлерине 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилген.

> Ал эми 2025-жылы 353 миңге жакын адам өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган. Ошондой эле 901 жол кырсыгы катталып, унаа ээлерине 86 млн 238 миң сом кенемте төлөнүп берилген.

***Облустарда 2025-жылы төмөндөгүдөй санда унаа камсыздандырылган:***

Чүй - 44 миң 827 (11,92%);

Ош – 63 миң 230 (16,76%);

Жалал-Абад - 34 миң 66 (14,85%);

Баткен - 27 миң 192 (25,19%);

Талас - 14 миң 123 (23,75%);

Ысык-Көл – 28 миң 896 (22,36%);

Нарын - 21 миң 760 (38,46%).