> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө автожолдорду калыбына келтирүү иштери уланууда
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/18/olkodo-avtozholdordu-kalybyna-kieltiruu-ishtieri-ulanuuda/
- Published: 2026-03-18T04:25:57.000Z
- Updated: 2026-03-18T04:25:57.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Транспорт

**Өлкөдө автожолдордун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында пландуу иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.** 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан республика боюнча автожолдорду оңдоо жана тейлөө иштери уланууда.

№5 Жол тейлөө ишканасы Бишкек – Ош автожолунун Өзгөн районундагы 589–611-чакырымдар аралыгында аң-чөнөктөрдү жамоо, жол жээгин бекемдөө жана тегиздөө иштерин жүргүзүүдө.

> №43 Жол тейлөө ишканасы Новопокровка – Сары-Жон автожолунда аң-чөнөктөрдү жамоо, жол жээктерин тегиздөө жана жол боюндагы бак-дарактарды бутоо иштерин аткарууда.

№25 Жол тейлөө ишканасы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш автожолунда оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

> Бул иштер жол катмарынын сапатын жакшыртып, унаалардын коопсуз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыздоого багытталган.

Министрлик айдоочуларды жол иштери жүрүп жаткан тилкелерде сак болууга жана жол белгилерин так сактоого чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-60.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-29.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/6-14.jpeg)