> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү
- URL: https://im.kg/transport/2026/03/19/kytaidan-kyrghyzstangha-unaa-eksporttoo-2025-zhyldyn-eki-aiyna-salyshtyrmaluu-48-4-gha-ostu/
- Published: 2026-03-19T14:15:00.000Z
- Updated: 2026-03-19T14:14:59.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Транспорт, Экономика

**Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн.

> Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%га өскөн. Сандык көрсөткүч боюнча алар 583 миң даанага жетип, жалпы экспорттун болжол менен 40%ын түзгөн.